КЫРГЫЗ ЭЛИНЕ
КАЙРЫЛУУ
ӨЗӨКТӨН ЧЫККАН ӨРТ ЖАМАН-ӨЗҮҢДӨН ЧЫККАН ЖАТ ЖАМАН
Урматтуу Ата-Апалар, Ага-Инилер, Эже жана карындаштар
Тилегибиз бир, буйруса баардык жакшылыктар жана келечек алдыда.
Кылымды карытып, адилетсиздиктен жабыркап түтөп бүттүк. Азаттык жолунда Кыргыз Эгемендүүлүгүнө жар салып, шейит кеткендерге таазим кылабыз жана жалын болуп Кыргыз Элибиздин алдына чыгып жаткан кезибиз. Асмандагы күн, Кыргыз Элине нурун чачкан доор келди. Үмүттү узбөгүлө. Баары алдыда.
25жылдан бери убадасын бергендерге ишеним көрсөтүп, кызматымды так аткарам дегендерден чарчадык жана жакшы эле чыдадык. Тилегибиз ишке ашпай, жоготуудан башыбыз көтөрулбөй калды. Эл Аралык коомду тике караган Кыргыз Эли, уятыбыздан жер тиктеп калган кез.
Келечек деген мына Биз! Биз, АтаБабабыздын Наркын сактап келген, Заманбап билимдүү, Руханий жана Диний илимдүү, Улуттук Нарк, Каада-Салт менен өмүр сүргөн Муун.
Кыргыз Элин бир муштумга бириктирип, нарктуу Кыргыз Мекенин курабыз. Бузулганды өндойбуз. Чачылганды жыйнайбыз. Үзүлгөндү улайбыз. Жоголгонду табабыз. Бурмаланганды тактап, катылгандын катыгын беребиз. Тизелеп бүкчүйүп калгандарды, баш кийимин кийгизип тургузабыз.
Эми деле, Кыргыз Элин камтыган баардык улуттар менен бирге бир катарда кол кармашып, аракетибизди күчтөндүруп бир бирибизге ишенели.
Баардык аракет бизден, ал эми колдоо сиздерден!
Кыргыз Мекенибиздин келечегине кайдыгер болбой, заманбап турушка тике карап Арамдан алыс болуп, АсылОйлуу АкСөзүбүздү айтып, АдалИшибиз менен Кыргыз Элинин үйбүлөсүнө Жаңылануу жана Өнүгүү кут касиеттерин бирге киргизели.
Баардыгы Жараткандын колдоосунда жана сиздердин өзүңүзгө өзүңүз ишеним көрсөткөнүңүздөрдө.
Кыргыз Мекенибизди кылымдарга улап кетип, Келечекте Бирге Бололу!
Бириккен Саясый Ордо Кеңеши:
1. Адилеттүүлүк жана Өнүгүү
"Ыйман Нуру" саясый партиясы
2. "Айымдар Акыйкаттык Үчун"
Айалдар саясый партиясы
3. "Кыргызстан Патриоттору" саясый партиясы